Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:00

Орус жарандыгы барлар Кыргызстанга киргизилди


«Манас» аэропорту. 24-апрель, 2020-жыл.
«Манас» аэропорту. 24-апрель, 2020-жыл.

Бул тууралуу коронавирустун жайылышынын алдын алуу боюнча республикалык штаб «Азаттыкка» маалымдады.

28-апрелде Екатеринбург шаарынан учуп келген 157 жүргүнчүнүн ичиндеги балдары Кыргызстандын, өзү Орусиянын жараны болгон бир аял, балдары Орусиянын, өзү Кыргызстандын жараны болгон дагы бир аял өлкөгө кирүү уруксатын алды. Мындай чечим коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб кабыл алды.

«Бул маселе республикалык штабда каралды. Мыйзамдарга ылайык, өзгөчө абал шартында чет элдик жарандар өлкөгө киргизилбейт. Бирок бул жерде адамгерчилик маселеси биринчи орунга коюлуп, аларды өлкөгө киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынды»,- деп айтылат штаб тараткан маалыматта.

Орусиядан учуп келген жүргүнчүлөрдү алгачкы текшерүүдө өзгөчө абал шартындагы мыйзамдарга ылайык, экиден баласы менен келген эки эне Кыргызстанга киргизилген эмес.

Социалдык тармактарда Орусиянын жарандыгы бар балдарын апасы 13-мартта Челябинск шаарындагы ооруканага алып барганы, бул аралыкта ар жерде көчүп-конуп жүрүп, акырында Кыргызстандын Екатеринбург шаарындагы башкы консулдугу аркылуу чартердик каттамга илинип, мекенине кайтып келишкени жазылды.

28-апрелде Орусиянын Екатеринбург шаарынан чартердик каттам менен 157 кыргызстандык келди.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстан март айынын башында эле өлкө аймагына чет элдик жарандардын киришине тыюу салган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG