Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:23

Трамп Ким Чен Ын тууралуу жакшы кабардар экенин айтты


Дональд Трамп менен Ким Чен Ын үч жолу жолугушкан.
Дональд Трамп менен Ким Чен Ын үч жолу жолугушкан.

АКШнын президенти Дональд Трамп 27-апрелде брифингде Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын тууралуу суроого жооп берди. Анда Ким Чен Ындын азыркы абалын жакшы билерин, бирок аны эч кимге айтпай турганын билдирди. Трамп: «Мен силерге так айта албайм. Мен ал эмне болуп жатканын жакшы билем, бирок аны айта албайм. Мен ага бардык жакшылыктарды каалайм. Ким Чен Ын менен жакшы мамиледемин. Эгер мен президент болбогонумда силер согуш абалында болмоксуңар. Мен ал жакшы болуп кетет деп үмүттөнөм. Мен анын абалы кандай экенин билем. Көрөбүз. Балким силер жакында билерсиңер», - деп туюк сүйлөдү.

Ким Чен Ындын ден соолугу начарлап кеткени тууралуу сөздөр 15-апрелде ал чоң атасынын туулган күнүнө арналган иш-чарага катышпай калгандан кийин ого бетер күчөгөн. Бул күн өлкөдөгү эң маанилүү майрамдардын бири болуп саналат.

Ал коомчулукка дээрлик бир айдан бери көрүнө элек. Ушундан улам Ким Чен Ын «каза болгону», жүрөгүнө операция жасалгандан кийин «комага түшүп калганы» тууралуу сөздөр чыккан.

Жакында эле Кимдикине окшош поезд өлкөнүн курорттук аймактарынын биринде токтоп турганын чагылдырган, жандоочтон алынган сүрөттөр жарыяланган.

Түштүк Кореянын расмий адамдары ар кандай имиштерден алыс болууга чакырып келишет.

АКШ менен Түндүк Кореянын лидерлери буга чейин үч ирет жолуккан. Акыркы Сингапурдагы жолугушуу мөөнөтүнөн мурда жыйынтыкталган. Бул жолугушуунун максатына жетпегени менен түшүндүрүлгөн.

XS
SM
MD
LG