Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:31

Чилиде жарандар карантин эрежелерине каршы көчөгө чыгышты


Чилиде нааразылык акциялары былтыр күзүндө башталган.
Чилиде нааразылык акциялары былтыр күзүндө башталган.

Дүйшөмбүдө Чилинин борбору Сантьягодо өкмөттүн пандемияга карата чараларына каршы акция өттү. Коронавируска байланыштуу коргоочу каражат, беткап ала жүрүшкөн митингчилер социалдык аралыкты сактап бири-биринен алыс турушту.

Полиция аларды суу, жаш агызчу газ чачып кууп таратты. Жергиликтүү маалымат каражаттары бери дегенде 30 адам камалганын жазышты.

Латын Америкасындагы бул өлкөдө нааразылык акциялары былтыр күзүндө башталган. Анда демонстранттар конституциялык реформа жүргүзүүнү талап кылышкан. Бийлик коронавируска байланыштуу референдумду 26-апрелден күзгө жылдырып салганы да жарандардын көчөгө чыгышына себеп болду.

Чилиде коронавирус 13 миңден ашык адамдан табылып, бул оорудан 200дөй киши көз жумду.

Буга чейин Чили дүйнөдө биринчи болуп коронавирустан айыккан жарандарына «иммундук паспорт» бергени жатканы кабарланган. Бул аларга обочолонуу режимин же башка чектөөлөрдү сактабай коюуга мүмкүнчүлүк бермекчи.

XS
SM
MD
LG