Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:23

Атайын эсептеги акчаны сарптоо боюнча комиссиянын жыйыны өтүп жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жыйында коронавируска каршы күрөш боюнча атайын эсепке келип түшкөн акчаны COVID-19 вирусуна каршы күрөшкө жана гуманитардык жардамга жумшоо маселеси каралууда. Жыйынды комиссиянын мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева «Фейсбуктагы» баракчасында түз алып берүүдө.

Депутат Аида Касымалиева атайын эсепке келип түшкөн каражаттардан медицина кызматкерлерине төлөнүп берилүүчү кошумча акы, коргонуучу каражаттарга акча бөлүү маселесин көтөрдү.

Комиссиянын жетекчиси, вице-премьер-министр Аида Исмаилова учурда медициналык кызматкерлер үчүн коргонуучу каражаттар жетиштүү экенин билдирип, ошол эле учурда сырттан сатып алуу оңой эмес экенин айтып кетти:

«Коргонуучу каражаттарды сатып алуу оңой эмес, учурда Кытайдан чыгуучу коргонуучу каражаттарды сатып алууга көптөгөн мамлекеттер кезекте турушат. Алдын-ала буюртма бериш керек».

Жыйында айтылган маалыматтарга караганда, бүгүнкү күнгө чейин 188 млн. сомго коргонуучу каражаттар сатылып алынган.

Коронавируска каршы күрөштүн эсебине келип түшкөн гуманитардык жардамды, акча каражаттарын бөлүштүрүү боюнча 11 кишиден турган комиссия 28-апрелде түзүлгөн. Алгач комиссияга парламенттен үч, өкмөттөн жети, президенттик администрациядан бир жана өкмөттүк эмес уюмдардан эки өкүл кирген. Кийинчерээк жарандык коом өкүлдөрүнүн саны беш кишиге чейин көбөйгөн.

Комиссияны вице-премьер-министр Аида Исмаилова жетектейт.

28-апрелдеги маалыматка ылайык, Саламаттык сактоо министрлигинин атайын эсебине 134 млн. 144 130 сом, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин эсебине 16,5 млн. сом, Бишкек мэриясынын эсебине 4,2 млн. сом келип түшкөн. Мунун ичинен Саламаттык сактоо министрлигинин эсебинен 34,7 млн. сом, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин эсебинен 13,3 млн. сом, Бишкек мэриясынын эсебинен 2,6 млн. сом сарпталган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG