Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:32

Жээнбеков: Той-аштарга тыюу күчүндө кала берет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда коронавируска байланыштуу киргизилген айрым чектөөлөр алынса да, той-аштарга жана башка эл көп чогулуучу иш-чараларга салынган тыюу азырынча алынбайт. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Президент Сооронбай Жээнбеков 28-апрелде Коопсуздук кеңешинин чакан курамдагы жыйынында сүйлөп жатып айрым чектөөлөр өзгөрүүсүз каларын айтты:

«Мисалы, маданий-массалык иш-чараларды, той-аштарды өткөрүүгө салынган тыюу күчүндө калат. Жогорку окуу жайлары, мектептер аралыктан окутууну улантышат. Өзгөчө абал киргизилген аймактарда кирүүдө/чыгууда санитардык-карантиндик блокпосттор өз ишин улантат».

Коопсуздук кеңешинин жыйынында экономикалык ишмердүүлүккө кайрадан баскыч-баскычы менен уруксат берүү зарыл экендиги айтылды. Буга байланыштуу блокпосттор азайтылары белгилүү болду.

Өлкө аймагына чет элдик жарандардын киришине да азырынча уруксат жок.

Коопсуздук кеңеши эпидемиологиялык кырдаалдан улам Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Нарын облусунун Ат-Башы районунда өзгөчө абалдын мөөнөтүн 10-майга чейин узартмай болду.

Калган аймактарда өзгөчө абалдын шарты токтотулуп, өзгөчө кырдаал режими күчүндө калтырылат.

Өзгөчө абал Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларына, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондоруна жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 25-марттан 15-апрелге чейин киргизилип, кийин 30-апрелге чейин узартылган. Нарын облусунун Нарын шаары жана Ат-Башы районунун аймагына 15-апрелден 30-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилген болчу.

28-апрелге карата коронавирус жуккандардын жалпы саны 708 киши болду, алардын ичинен 8 бейтап каза тапты. 416 бейтап айыгып чыкты. (RK)

XS
SM
MD
LG