Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:35

Эмдөө жумалыгынын алкагында Кыргызстанда 65 көчмө бригада иштейт


Кызамыкка чалдыккан ымыркай. Иллюстрациялык сүрөт.
Кызамыкка чалдыккан ымыркай. Иллюстрациялык сүрөт.

Европалык эмдөө жумалыгынын алкагында Кыргызстанда 65 көчмө бригада аймактарды кыдырып, эмдөө жүргүзөт. Бул тууралуу 28-апрелде «Азаттыкка» Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди.

Анын айтымында, карантинге байланыштуу пландуу эмдөө убактылуу токтотулган болчу. Февраль-апрель айларында кызамык менен кызылчага каршы, төрөт үйлөрүндө ымыркайларды БЦЖ жана гепатитке каршы гана эмдөө жүрүп жатты.

«Эми бир жума аралыгында биз кызамык жана кызылча катталган облустарда ушул ооруларга каршы эмдөө жургүзөбүз. Андан тышкары эки жашка чейинки балдарыбызга пландык эмдөө болот», - деди ал.

Кыргызстандагы эмдөө жумалыгына Эмдөө боюнча глобалдык альянс жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) жардамы менен жер-жерлерде түзүлгөн 65 көчмө бригада катышат.

27-апрелден 3-майга чейин эмдөө күндөрүн уюштуруу боюнча демилге ДССУнун Европа боюнча аймактык бюросуна таандык. Быйыл бул өнөктүк «Алдын алуу, коргоо жана эмдөө» деген ураан менен өтүп жатат.

Эмдөө аракеттеринен улам Кыргызстан 1993-жылдан бери полиомиелит оорусу жок өлкө деп аталып келет. Ошондой эле кептөөр, селейме (столбняк), ымыркайлардын кургак учук менингити, В гепатити деген оорулар катталбайт. (RK)

XS
SM
MD
LG