Нарын шаары жана Ат-Башы районунун коменданты Уланбек Аалиев бүгүн, 28-апрелде брифинг учурунда билдиргендей, Нарында кылмыштуулук азайды. Анын айтымында жалпысынан аймакта коомдук-саясий абал туруктуу жана көзөмөлдө.
28-апрелге карата аймакта коменданттык сааттын талаптарын бузган 7 киши кармалган, алардын бешөө Ат-Башыда, экөө Нарын шаарында.
Комендант жергиликтүү тургундарды өзгөчө абал шартында санитардык талаптарды бекем сактоого жана коменданттык сааттын эрежелерин бузбоого чакырды.
Нарын шаарына жана Ат-Башы районуна өзгөчө абал 15-апрелден тартып киргизилген. Аймакта комендатура түзүлүп, анын жетекчиси болуп Уланбек Аалиев дайындалган.
Коопсуздук кеңешинин 28-апрелдеги жыйынында Нарын шаары өзгөчө абалдан чыгарыла турганы белгилүү болду. Шаарда өзгөчө кырдаал сакталып кала берет. Ал эми Ат-Башы районунда өзгөчө абал 10-майга чейин сакталат. (ZKo/MiK)