Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:29

Коопсуздук кеңеши ишкердикти жандантуу боюнча чечимдерди кабыл алды


Коопсуздук кеңешинин жыйыны.
Коопсуздук кеңешинин жыйыны.

Коопсуздук кеңешинин 28-апрелдеги жыйынында коронавируска байланыштуу коюлган ички тосмо-постторду алып, буга чейин өзгөчө абал киргизилген аймактардын кирүүчү/чыгуучу жерлериндеги санитардык-карантиндик постторду калтыруу жөнүндө чечим кабыл алынды.

Өкмөткө төмөнкү чектөөлөрдү күчүндө калтыруу сунушталды:

  • Бардык массалык иш-чараларды өткөрүүгө;
  • Коронавирус көп катталган облустардын, ири шаарлардын жана калктуу конуштардын арасында жарандардын жүрүшүнө;
  • Өзгөчө кырдаал режими алынып салынганга чейин Кыргызстанга чет элдик жарандардын кирүүсүнө тыюу салуу.

Андан тышкары өкмөткө төмөнкүлөр сунушталды:

  • өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал шартында уруксат берилген экономикалык иштин түрлөрүнүн тизмесин кеңейтүү;
  • коронавирустун жайылышына байланыштуу экономикалык жана социалдык туруктуулукка келтирилген кесепеттерди азайтуу боюнча планды ишке ашыруу;
  • экономика жана ишкердикти калыбына келтирүү боюнча 2020-жылга финансылык жана фискалдык чаралардын кошумча планын иштеп чыгуу жана бекитүү;
  • кризистен кийинки өнүгүүнүн жана экономикадагы реформанын жол-жобосун, анын ичинде зарыл болгон программаларды, пландарды жана укуктук-ченемдик актыларды даярдоо.

Ошондой эле ишин жанданта турган ишканалардын тизмесин, алардын кызматкерлеринин санын, алардын иштөө убактысын тактоо жана кызматкерлерди жумуш орундарына жеткирүүнүн ыкмаларын иштеп чыгуу тапшырылды.

Экономика министрлигине жана өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө ишкерлердин ишин бара-бара жандандыруунун эрежелерин жакшыраак түшүндүрүү сунушталды.

Коопсуздук кеңеши эпидемиологиялык кырдаалдан улам Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Нарын облусунун Ат-Башы районунда өзгөчө абалдын мөөнөтүн 10-майга чейин узартмай болду.

Калган аймактарда өзгөчө абалдын шарты токтотулуп, өзгөчө кырдаал режими күчүндө калтырылат.

Өзгөчө абал Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларына, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондоруна жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 25-марттан 15-апрелге чейин киргизилип, кийин 30-апрелге чейин узартылган. Нарын облусунун Нарын шаары жана Ат-Башы районунун аймагына 15-апрелден 30-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилген болчу. (BTo)

XS
SM
MD
LG