Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:41

Жээнбеков: Жеңиш күнүнө карата массалык иш-чараларды өткөрө албайбыз


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин 28-апрелдеги жыйынында коронавируска байланыштуу кырдаалдан улам Жеңиштин 75 жылдыгына карата массалык иш-чаралар болбой турганын айтты.

Ал «Өлбөс полк» иш-чарасын онлайн форматта өткөрүү сунушталып жатканын да билдирди.

Коронавирус пандемиясынан улам Орусия да 9-майда Жеңиш күнүнө арналган парадды жылдырууга аргасыз болду.

Жээнбеков өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалдан улам Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Нарын облусунун Ат-Башы районунда өзгөчө абалдын мөөнөтүн 10-майга чейин узартты. Тиешелүү жарлыкка президент 28-апрелде кол койду.

Калган аймактарда 30-апрелде өзгөчө абалдын шарты токтотулуп, өзгөчө кырдаал режими күчүндө калтырылат.

Өзгөчө абал Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларына, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондоруна жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 25-марттан 15-апрелге чейин киргизилип, кийин 30-апрелге чейин узартылган. Нарын облусунун Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймагына 15-апрелден 30-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилген болчу. (BTo)

XS
SM
MD
LG