Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:21

Кой-Таш иши: Алмазбек Атамбаев сотко келди


Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум. 3-март, 2020-жыл. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана адвокат Замир Жоошев.
Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум. 3-март, 2020-жыл. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана адвокат Замир Жоошев.

Кой-Таш окуясына байланыштуу Биринчи май райондук сотунда өтүп жаткан соттук жараянга мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жеткирилди. Ал буга чейинки бир нече жараянга катышуудан баш тартып келген. Бул жолу ал ден соолугуна карабай, Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып жаткан жигиттерди колдош үчүн келгенин анын адвокаты Замир Жоошев билдирди.

Адвокаттары анын саламаттыгы начарлыгын, кан басымы төмөндөп жатканын белгилеп, Алмазбек Атамбаевди ооруканага жаткыруу зарыл экенин айтып келишет. Бирок Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) бул маалыматтарды четке кагып, Алмазбек Атамбаевдин саламаттыгы күн сайын текшерилип турарын, тынчсызданууга негиз жок экенин билдирүүдө.

Алмазбек Атамбаев Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып, УКМКнын тергөө абагына камалган. Ал эми президенттик аппараттын мурунку башчысы Фарид Ниязов, экс-депутаттар Мээрбек Мискенбаев менен Равшан Жээнбеков, УКМКнын кызматкери Канат Сагымбаев жана башка бир нече киши №1 тергөө абагында кармалып турушат.

Жогорку Кеңештин депутаттары Асел Кодураңова, Ирина Карамушкина жана КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева үй камагында.

Жалпысынан Кой-Таш окуясы боюнча 19 адамга айып коюлган. Алардын ичинен 14 айыпталуучунун иши сотко өткөн. Калган беш адамдын иши тергөө менен кызматташууга макул болгону үчүн өзүнчө тергелип жатат.

2019-жылы 7-8-августта УКМК жана Ички иштер министрлиги (ИИМ) Чүйдүн Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзгөн. Анда бир офицер курман болуп, 200дөн ашык адам жабыркаган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG