Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:18

Асрандиев: Өткөрмө кагаздары менен камсыздоо маселесин чечип жатабыз


Эркин Асрандиев.
Эркин Асрандиев.

Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев 29-апрелдеги брифингде 1-майдан тартып иш жүргүзүүгө уруксат берилген ишканалар тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, биринчи этапта өзгөчө абал шартында өндүрүш, соода, курулуш соодасы, тейлөө тармактары ишке кирип жатат. Асрандиев бул ишканаларды өткөрмө кагаз менен камсыздоо маселесине токтолду.

«Кайрылгандар аябай көп болот, 10-20 миң болушу мүмкүн. Ошондуктан кайрылуу менен иштеген операторлордун ишин жеңилдетүү максатында кошумча адистерди кошуп жатабыз. Өткөрмө кагаз алыш үчүн кайрылгандарды комендатурадагы он оператор тейлеп келсе, аларга башка мамлекеттик кызматтардан кошумча адистер көмөктөшөт. Алар дем алышсыз, майрам күндөрүнө карабай иштешет», - деди Эркин Асрандиев.

Асрандиевдин маалыматына караганда, комендатурага тийиштүү тармактар, бизнес-ассоциациялар ишканалардын тизмесин бериши керек. Өткөрмө кагаз ошол тизме аркылуу жана жеке кайрылуу аркылуу берилет. Кайрылуулар электрондук түрдө жасалат.

Өкмөт экономикалык ишмердүүлүктү жандандыруу максатында 1-майдан, 11-майдан жана 21-майдан тартып өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал шартында ишке кирүүчү тармактардын тизмесин жарыялаган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG