Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:48

ЖАМК: Адвокаттар коронавирус жоктугу тууралуу кагазын көрсөтүшү керек болот


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жаза аткаруу кызматы (ЖАМК) 1-майдан тартып абак мекемелерине кирүүнү каалаган адвокаттардан коронавирус жоктугун тастыктаган аныктама талап кылат. Бул тууралуу 29-апрелде мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматта ЖАМК абакта жаткан адамдар коронавирус инфекциясына кабылган жок деп кепилдик бере алары айтылат.

Андыктан жактоочулар менен мыйзамдуу өкүлдөр өзгөчө абал мөөнөтү аяктаганча абак мекемесине кире турган болсо адегенде тиешелүү медициналык текшерүүдөн өтүп, ПЦР анализдин бүтүмүн көрсөтүүсү керек болот.

Ошону менен катар медициналык беткап, антисептик, колкап ала келиши зарыл экени да айтылды.

18-марттан 29-апрелге чейин Кыргызстанда коронавирус жуккандардын саны 729 адам болду, алардын сегизи каза тапты, 437 бейтап сакайып кетти.

Коронавируска байланыштуу 30-апрелге чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад жана Нарын шаарларына, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондоруна, Жалал-Абад облусунун Сузак районуна жана Нарын облусунун Ат-Башы районунун аймагына өзгөчө абал киргизилген.

28-апрелде Коопсуздук кеңешинин чечими менен өзгөчө абал Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Ат-Башы районунда 10-майга чейин, ал эми калган аймактарда өзгөчө кырдаал режими калтырылды.

Жаза аткаруу кызматы өзгөчө абалга байланыштуу комендант тыюу салгандыктан буга чейин абак мекемелерине адвокаттардын кирүүсүнө уруксат убактылуу берилбей келгенин билдирди.

29-апрелде өкмөт ишмердүүлүктүн айрым түрлөрүнө этап-этабы менен кайрадан уруксат берилерин кабарлады.

Буга чейин ЖАМКтын адвокаттарды чектөө аракети сынга кабылган. Мекеме мындай сынды четке каккан. (RK)

XS
SM
MD
LG