Сириянын түндүгүндө Түркияга ыктаган козголоңчулар көзөмөлдөгөн Африн шаарында 28-апрелде кечке жуук бомба жарылып, бери дегенде 40 киши мерт болду. Алардын 11и балдар экени кабарланды.
«Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы» уюмунун өкүлү Рами Абдул Рахман дагы 50дөй адам жарадар болгонун, айрымдарынын абалы оор экенин билдирди. Анын айтымында, мерт болгондордун арасында Түркия колдогон алты козголоңчу жоокер бар.
Түркиянын Коргоо министрлиги да кеминде 40 адам өлгөнүн, алардын 10дон ашыгы балдар экенин ырастады. Анкара бул кол салуу үчүн Күрд жумушчу партиясы менен байланышы бар террорчул топту күнөөлөдү. Түркиянын маалыматына караганда, кандуу окуя шаардын так ортосунда эл көп жүргөн жерде болду.
АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Морган Ортагус бомба орозодо ооз ачарга жакын убакта болгонун, машинеге коюлган бомба жарылганын кабарлады. Ал бул чабуулду айыптады жана жаатташкан тараптарды ок атууну токтотууга чакырды.
Негизинен күрдөр жашаган Африн шаарын Түркиянын аскерлери менен алар колдогон козголоңчулар 2018-жылы марттагы чабуулда басып алышкан. Шаарда буга чейин деле кол салуу болуп келген, бирок 28-апрелдеги окуя эң кандуу окуя болуп калды.
Курд жумушчу партиясы азырынча үн ката элек.
Анкара Сирия демократиялык күчтөрүнүн негизги канаты болгон Элдик коргонуу кошуунун (YPG) өлкө ичиндеги күрд жикчилдери, анын ичинде Күрд жумушчу партиясы менен байланышы бар террористтик уюм деп эсептейт. Кошуун болсо дооматтарды четке кагып келет.