Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:19

Кабулда жанкечтинин кол салуусунан үч адам мерт болду


Бул кол салууну ким уюштурганы азырынча белгисиз.
Бул кол салууну ким уюштурганы азырынча белгисиз.

Ооганстандын Кабул шаарында 29-апрелде жанкечти өзү менен кошо жардырган бомбанын айынан үч киши курман болуп, дагы 15 адам жаракат алды. Ички иштер министрлигинин расмий өкүлү Тарик Ариан жанкечти мындай карасанатайлыгын Решхор районундагы ооган коопсуздук күчтөрүнө таандык жайларга жакын жерде жайкын тургундардын арасында жасаганын билдирди.

Рамазан айында уюштурулган бул чабуулга байланыштуу эч ким азырынча жоопкерчилик ала элек. «Талибан» кыймылынын расмий өкүлү Забихулла Мужахид бул кол салууга алардын жоочуларынын тиешеси бар-жогу териштирилерин билдирди.

Февраль айында АКШ бийлиги менен «Талибан» кыймылы тынчтык келишимине кол коюшкан. Андагы шарт-талаптардын бири кан төгүүнү токтотуу болгон. Бирок ошондон бери кол салуу токтой элек.

XS
SM
MD
LG