Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:05

«Оскар» сыйлыгына тасма көрсөтүүнүн тартиби убактылуу өзгөрдү


«Оскар» сыйлыгын ыйгаруу 1929-жылы башталган.
«Оскар» сыйлыгын ыйгаруу 1929-жылы башталган.

АКШнын Кинематография, искусство жана илим академиясы коронавирус пандемиясынан улам онлайн көрсөтүлгөн тасмаларды «Оскар» сыйлыгына сунуш кылууга уруксат берди. Мындай өзгөртүү 2021-жылы февраль айында өтчү сыйлыкты 93-ирет тапшыруу аземинде гана болот.

Буга чейин «Оскарга» көрсөтүлгөн тасма Лос-Анжелес шаарындагы кинотеатрлардын биринде күнүнө үч маал бир апта бою көрсөтүлүшү керек болчу. Бирок пандемиядан улам шаардагы кинотеатрлардын баары 16-марттан бери жабык турат. Буга байланыштуу бир катар тасмалардын бет ачарлары кийинкиге калды.

Буга чейин 29-майдан 7-июндун аралыгындагы Канн, Берлин, Венеция сыяктуу ири кинофорумдар, Нью-Йорк, Лондон, Карловы Вары жана башка шаарлардагы кинофестивалдар онлайн өтөөрү белгилүү болгон. Көрүүчүлөр андагы тасмаларды расмий «Youtube» каналдардан бекер көрө алышат.

XS
SM
MD
LG