Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:57

Экс-депутат Осмоналиевдин камактагы мөөнөтү эки айга узартылды


Каныбек Осмоналиев. 5-март, 2020-жыл.
Каныбек Осмоналиев. 5-март, 2020-жыл.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 29-апрелде экс-депутат Каныбек Осмоналиевдин жана мурдагы судья Анар Дубанбаеванын бөгөт чарасын карап, экөөнүн тең камактагы мөөнөтүн 3-июлга чейин узартты. Бул тууралуу «Азаттыкка» райондук соттун өкүлү Айзада Момунова билдирди.

Биринчи май райондук соту быйыл 5-мартта «бийликти басып алууга аракеттенген» деп шек саналып жаткан Осмоналиев менен Дубанбаеваны Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө жайына камакка алуу жөнүндө чечим чыгарган.

Осмоналиев 2-мартта Бишкекте Садыр Жапаровду колдоо боюнча митингди алып барган. Дубанбаева «митингге катышуу үчүн Ысык-Көлдөн Бишкекке 200 киши жөнөткөн» деп айыпталып жатат.

2-мартта Бишкектин борбордук Ала-Тоо аянтында камакта отурган саясатчы Садыр Жапаровду бошотууну талап кылган митингдин соңунда чогулгандар менен милиция кагылышкан. Милиция митингдин катышуучуларын күч менен таратып, 170ке жакын адамды кармап, төртөө камакка алынган. Кууп таркатуу учурунда таш ыргытылып, көчө боюндагы бир катар автоунаалар, имараттар жабыркаган.

Бул фактыны Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 264-беренесинин («Массалык башаламандык») негизинде каттаган. (BTo)

XS
SM
MD
LG