Жогорку Кеңеш 30-апрелде жалпы жыйынга чогулуп, Кыргызстандын айрым аймактарына киргизилген өзгөчө абалды узартуу боюнча президенттин жарлыгын карайт. Бул тууралуу маалымат парламенттин расмий сайтына жарыяланды.
Президент Сооронбай Жээнбеков 28-апрелде Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Нарын облусунун Ат-Башы районунда өзгөчө абалдын мөөнөтүн 10-майга чейин узартуу жөнүндө жарлыкка кол койгон.
Калган аймактарда 30-апрелде өзгөчө абалдын шарты токтотулуп, өзгөчө кырдаал режими күчүндө калтырылат.
Өзгөчө абал Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондоруна жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 25-марттан 15-апрелге чейин киргизилип, кийин 30-апрелге чейин узартылган. Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймагына 15-апрелден 30-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилген болчу. (BTo)