Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:37

Өкмөт бюджетке өзгөртүү киргизүүнү талкуулады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өкмөттө коронавирус пандемиясынан улам Кыргызстанда киргизилген өзгөчө абалга жана кырдаалга байланыштуу 29-апрелде республикалык бюджетке өзгөртүү киргизүү боюнча кеңешме өттү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратты кабарлады.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коронавирустун өлкө экономикасына тийгизген кесепеттери бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнө түзөтүүлөрдү киргизүүнү талап кыларын айтты.

Абылгазиев ошол эле учурда бардык мамлекеттик социалдык милдеттенмелер өз убагында жана толук көлөмдө каржыланарын билдирди.

«2020-жылга карата республикалык бюджет жана 2021-2022-жылдарга болжол жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргүүзүнү Жогорку Кеңеш карашы керек.

Аткаруу бийлигинин маалыматына караганда, COVID-19 вирусунун кесепетинен жыл башынан берки төрт ай аралыгында бажы жана салык тармагынан мамлекеттик бюджетке 10 млрд. сом түшпөй калды.

Финансы министрлигинин алдын-ала божомолу боюнча быйыл бюджеттин киреше бөлүгү 30 миллиард сомго чейин толбой калышы мүмкүн. ​ (BTo)

XS
SM
MD
LG