Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:19

Айрым аймактарда өзгөчө абалдын мөөнөтү узартылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу өлкөдө кооптуу абал сакталып тургандыктан, Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында жана Нарын облусунун Ат-Башы районунда өзгөчө абалды 10-майга чейин узартуу тууралуу президенттин жарлыгын парламент бекитип берди.

Аталган жарлыкты мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков 28-апрелде чыгарган.

Коронавирустун жайылышынын алдын алуу максатында Кыргызстанда 22-марттан тартып өзгөчө кырдаал киргизилген. 25-марттан тартып, оору көп катталган Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында, Кара-Суу, Ноокат жана Сузак райондорунда өзгөчө абал жарыяланган. 15-апрелден тартып өзгөчө абал Нарын шаарына жана Ат-Башы районуна да киргизилген.

Президенттин 28-апрелдеги жарлыгына ылайык, өзгөчө абал Нарын шаарынан, Кара-Суу, Ноокат жана Сузак райондорунан алынган.

Кыргызстанда коронавируска чалдыккан алгачкы үч киши 18-мартта аныкталган. 30-апрелге карата бул илдетке кабылгандардын саны 746 адамга жетти. 462 адам оорудан айыгып чыкты. 8 киши илдеттен көз жумду. (ZKo)

XS
SM
MD
LG