«Азаттык» радиосу белгилүү акын, дүйнөдөн мезгилсиз өткөн кабарчысы Зайырбек Ажыматовду онлайн эскерүү иш-чарасын 30-апрелде саат 16:00дө уюштурат.
Маркумдун сөөгү 1-майда Бишкектеги «Ала-Арча» көрүстөнүндө жерге берилет. Коштошуу зыйнаты ушул күнү «Дордой» конушунда жайгашкан үйүндө саат 09:30да башталат.
Бир нече китептин автору, көп жылдан бери медиа тармагында эмгектенип келген журналист 29-апрелде 44 жашында дүйнөдөн кайтты.
Ажыматов журналистикадагы эмгек жолун 1998-жылы «Асаба» гезитинен баштап, «Кыргыз Туусу», «Бишкек таймс» гезиттеринде, КТРКнын радио тармагында иштеген. «Азаттык» радиосунда 2014-жылдан бери эмгектенип жаткан.
2019-жылы «Жүрөктөгү бороон» жаңы ырлар жыйнагын чыгарган. Ушул эле жылы Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ишмери наамына ээ болгон.