Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:14

Соль-Илецкидеги жарандарды алып өтүү боюнча сүйлөшүүлөр өтүп жатат


Мекенине кайта албай жаткан мигранттар. Иллюстрациялык сүрөт.
Мекенине кайта албай жаткан мигранттар. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусия менен Казакстандын чек арасында Соль-Илецк шаарында мекенине кайта албай турган кыргызстандыктарды алып келүү оор маселе бойдон турат. Аларды аймагынан алып өтүүгө казак тарап уруксат бербей келген. Бул тууралуу бүгүн, 30-апрелде өкмөт башчы Мухамедкалый Абылгазиев депутаттарга билдирди. Анын айтымында, учурда орус-казак чек арасында кыргызстандык мигранттарга тиешелүү 67 автоунаа бар.

«Казакстан тарап аларды машинеси менен өткөрүүгө макул эмес. Ошондуктан биз учурда аларды машинесин калтырып, автобустар менен алып келүү маселесин карап жатабыз», - деди өкмөт башчы.

Соль-Илецкидеги кыргызстандыктарды алып келүү маселесин чечиш үчүн казак өкмөтүнүн, Мажилистин жетекчилери менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков да кошумчалады. Анын айтымында, казак бийлиги мекенине кайтып келе жатып орус-казак чек арасында калган кыргыз жарандары боюнча жооп берүүгө даяр экендигин билдирген.

Орусиянын шаарларынан автоунаа менен жолго чыккан 200дөй кыргыз жараны коронавирустан улам киргизилген чектөөлөрдүн айынан Оренбург облусундагы орус-казак чек ара тилкесинде турганына 1,5 айга чамалады.

Мындагы Соль-Илецк аймагындагы чек ара өткөрмөсү 17-мартта жабылып калган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG