Ирина Карамушкина Кыргызстанга коронавирус илдетин кичи ажылыкка баргандар алып келгенин белгилеп, аларды текшербей, үйлөрүнө таратып жиберген мамлекеттик кызматкерлерди да шалаакылыгы үчүн жоопко тартуу маселесин көтөрдү:
«12-мартта Сауд Арабиясынан келген каттамдын жүргүнчүлөрү эмнеге текшерилген эмес? Алардын арасында депутат Асылбек Жээнбеков болгону, ошол каттамды текшербей, үйлөрүнө коё берүү тууралуу ал көрсөтмө бергени тууралуу маалымат бар. Мага ошол күнкү каттамдын жүргүнчүлөрүнүн тизмесин бергиле».
Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев март айында Сауд Арабиясы илдеттин очогу деп эсептелген өлкөлөрдүн катарында болбогонун, ошондуктан ал жактан келгендер милдеттүү түрдө текшерүүдөн өтпөгөнүн билдирди.
Карамушкинанын сөзүнөн кийин бир нече депутат «Карамушкина «ооруну умрага баргандар алып келди» деген сөзү үчүн жооп берсин» деген талап коюшту. Ирина Карамушкина аларга жооп берүүгө аракеттенген учурда депутаттын микрофону өчүрүлдү.
Депутат Исхак Масалиев өкмөт мүчөлөрүн этиканы сактап, депутаттардын айтышына аралашпоого чакырды.
«Мен эч кимди коргогум келген жок, калыстык болушу керек. Шалаакылык болгону чын, өзүңөр ушул жерде Космосбек Чолпонбаевдин жоопкерчилигин кароо тууралуу маселени талкуулап отургансыңар», - деди Исхак Масалиев.
Бүгүн, 30-апрелде премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөт мүчөлөрү өзгөчө абал шартындагы аткарылган иштер тууралуу маалымат берип жатышат. (ZKo)