Түркиянын 24 шаарында окуп жаткан кыргызстандык студенттер Кыргызстандын бул өлкөдөгү элчилигинде өткөн онлайн жыйынга катышты.
Жыйында элчи Кубанычбек Өмүралиев менен Түркиядагы билим берүү системасы, студенттердин азыркы абалы, көйгөйлөрү жана пандемиядан улам чыккан айрым жагдайлар талкууланды.
Студенттердин демилгеси менен уюштурулган бул иш-чарада алар жетишкендиктери жана ийгиликтери арбын экенин айтып беришти.
Бүгүнкү күндө Түркиянын жогорку окуу жайларында 155 миңге жакын чет өлкөлүк студент билим алат. Алардын 2 миңге жакыны кыргызстандыктар.
Дүйнөнү каптаган коронавирустун алдын алуу максатында Түркиянын жогорку окуу жайлары аралыктан окууга өткөн.
4-апрелден тартып Түркияда 20 жашка толо электерге жана 65 жаштан улууларга көчөгө чыгууга тыюу салынган. Өлкөдө мектептер, жогорку окуу жайлары, соода борборлору жана коомдук жайлар убактылуу жабылган. (ElB)