Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:36

Башкы прокуратура: адамдар менен дарыгерлер өздөрү кечирим сурашкан


Башкы прокуратура депутат Дастан Бекешевге жиберген кат.
Башкы прокуратура депутат Дастан Бекешевге жиберген кат.

Башкы прокуратура жарандар жана дарыгерлер туура эмес маалымат таратканы үчүн өз каалоосу менен эле кечирим сурап жатканын билдирди.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешевге башкы прокурордун орун басары Нурлан Дардановдун жиберген катында жазылган. Катты Бекешев «Твиттердеги» баракчасына жарыялады.

«Улуттук коопсуздук органдары жана Ички иштер министрлиги туура эмес маалымат тараткан жарандар менен дарыгерлерди коомчулуктан мажбурлап кечирим суратканы тастыкталган жок. Алар өз каалоосу менен кечирим сурашкан. Буга мыйзам тыюу салбайт», - деп айтылат катта.

Дастан Бекешев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жалган маалымат тараткан дегендерди мажбурлап кечирим суратканын айтып, буга укуктук баа бериш үчүн Башкы прокуратурага кат жиберген.

Апрель айынын орто ченинде үй-бүлөлүк дарыгер Бектур «Твиттерде» жетекчилиги берген сапатсыз беткаптын сүрөтүн жарыялаган. Көп өтпөй анын бул платформадагы аккаунту өчүрүлүп, 12-апрелде Бектурдун «жалган айтып койгом» деген видео кайрылуусу тараган. Бул үчүн социалдык тармактын колдонуучулары жана айрым депутаттар УКМКны айыпташкан.

УКМК бул дооматтарга жооп кайтарып, «айрымдар дүйнө жүзүндө жайылып жаткан коронавирус боюнча такталбаган маалымат таратып жана COVID-19га каршы иштеп жаткан бардык мекемелердин ишин жаман көрсөтүп, өзүнө жеңил пиар табууга аракет кылууда» деп билдирген.

Айрым аймактарда өзгөчө абал жарыялангандан бери атайын кызмат «фейк жана жалган маалымат таратты» деген негизде бир нече адамды кармады. УКМК кармалгандар туура эмес маалымат таратканын айтып, элден кечирим сураган видеолорун жарыялап турду. (BTo)

XS
SM
MD
LG