Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:45

Үй карантинин бузган 36 адам жоопкерчиликке тартылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов республикалык штабдын 30-апрелдеги жыйынында үй карантинин бузганы үчүн 36 адам жоопкерчиликке тартылганын айтты. Бул тууралуу өкмөттүн аппараты билдирди.

Анын сөзүнө караганда, Жазык кодексинин «Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу» беренеси менен сегиз киши, «Адамдар үчүн коркунуч жараткан жагдайлар тууралуу маалыматты жашыруу же бурмалоо» беренеси боюнча дагы бир адам жоопкерчиликке тартылды.

Жоруктар жөнүндө кодекстин «Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу» беренеси менен айып коюлган алты кишинин иши сотко жөнөтүлдү.

Тартип бузуу жөнүндө кодекстин «Ыйгарым укуктуу органдын чечимдерин же талаптарын аткаруу тартибин бузуу» беренеси менен 21 адам жоопкерчиликке тартылып, аларга 3000 сомдон айыппул салынды.

XS
SM
MD
LG