Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:09

Премьер-министр: 1 миллиондон ашык киши убактылуу ишсиз отурат


Мухаммедкалый Абылгазиев.
Мухаммедкалый Абылгазиев.

Коронавирус пандемиясынан улам Кыргызстанда 1 миллиондон ашык киши убактылуу ишин токтотуп, жумушсуз отурат. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 30-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.

«Алар жумушка чыккандан кийин деле бизнесинде өзгөрүүлөр болот. Кээ бири жабылат. Биз ушунун баарын анализ кылып жатабыз», - деди өкмөт башчы.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, өлкө боюнча жалпы жумушсуздардын саны 156 300 кишини түзөт. Адистер COVID-19 вирусуна байланыштуу чет мамлекеттерде да бир катар ишканалар жабылгандыктан кыргыз мигранттары өлкөгө кайтарын, ушундан улам жумушсуздардын саны дагы көбөйөрүн эскертип жатышат.

1-майдан тартып Кыргызстанда ишкердиктин бир катар түрлөрү иштеп баштайт. Анын ичинде өнөр жай өндүрүшү, тоо-кен, энергетикалык тармак, текстиль, эмерек чыгаруу ишканалары бар. Курулуш объектилери, сугат, жол куруу иштери жанданат.

Мухаммедкалый Абылгазиев бул тармактарда 130 миңге жакын киши жумушка чыгарын билдирген.

Коронавирус пандемиясынан улам Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында жана Нарын облусунун Ат-Башы районунда өзгөчө абал режими 10-майга чейин узартылды. (BTo)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG