Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:01

Казакстан чек арада калган кыргыз мигранттарын автобус менен жеткирип бермей болду


Казакстан. Иллюстарциялык сүрөт.
Казакстан. Иллюстарциялык сүрөт.

Казакстан орус-казак чек арасында топтолуп турган кыргыз мигранттарына бир жолку транзиттик жол ачып берүүгө макул болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, казак тарап 30-апрелге карата ошол жерде тургандар гана өткөрүлөрүн, андан кийин чек ара кайра жабыларын билдирди.

Кыргызстандыктар атайын уюштурулган автобустар менен гана ташыларын, андыктан жеке автомашинасын ар бири ошол жактагы токтотмолорго калтырышы керек деген шарт койду.

Автобустар Казакстандын аймагынан кыргыз чек арасына чейин атайын медициналык коштоо менен өтөт.

Орусиянын шаарларынан автоунаа менен жолго чыккан 200дөй кыргыз жараны коронавирустан улам киргизилген чектөөлөрдүн айынан Оренбург облусундагы орус-казак чек ара тилкесинде турганына 1,5 айга чамалады.

Мындагы Соль-Илецк аймагындагы чек ара өткөрмөсү 17-мартта жабылып калган.

Аталган жарандардын Кыргызстанга өтүп кетишине Казакстан уруксат бербей жаткан.

Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев алар кыргыз чек арасына жеткенче Казакстандын 2 миңден ашуун чакырымын, төрт облусун аралап өтөрүн, андыктан коронавирустун жайылуусуна кооптонгон казак тарап өткөрүүдөн карманып жатканын, бирок сүйлөшүүлөр жакшы натыйжага жакындаганын 29-апрелде билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG