Үй-бүлөдө зомбулук кылган адамды убактылуу камоо тууралуу мыйзам долбоору парламентте жактырылды. Жогорку Кеңеш Жазык-процесстик кодекске өзгөртүү киргизүү тууралуу долбоорду дароо үч окууда карап, колдоду.
Эгер президент кол коюп, депутаттар тобу сунуш кылган бул мыйзам күчүнө кирсе, үй-бүлөдө зомбулук көрсөткөн адам 48 суткага кармалат.
Демилгечилердин бири, депутат Наталья Никитенко өзгөчө абал жарыялангандан бери бир эле Бишкек шаарында күйөөсүнүн кордугуна кабылган аялдардын саны 62% өскөнүн белгиледи.
2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда бир нече аял үй-бүлөлүк зомбулуктан каза тапты. 1-январда Кочкордо 37 жаштагы келин, 3-январда Баткенде 26 жаштагы келин күйөөсүнүн ур-токмогунан көз жумган. 4-январда Каракол шаарында аялына бензин чачып өрттөгөн эркек кармалган. 12-февралда Сокулукта 42 жаштагы келинге күйөөсү бензин чачып, өрттөп жиберген. 6-мартта Бишкекте мурда сот болуп иштеген адам аялын бычактап өлтүргөн. 3-апрелде Бишкекте бир келин төртүнчү кабаттан секирип кетип, ооруканага түшкөн. Социалдык түйүндөрдө ал зордуктоодон качканы айтылууда.
2018-жылы ала качуудан куткарылган Бурулай милициянын имаратында бычакталып өлтүрүлгөн.
Азыркы мыйзамдар боюнча, милицияда үй-бүлөлүк зомбулук көрсөткөн адамды дароо камоо укугу жок.(RK)