Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:51

Айрым мекемелер жана банктар бул жолу дем алыш күндөрү да иштейт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда май майрам күндөрү айрым мекемелердин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери жумушка чыгууга милдеттүү болот. Бул тууралуу 1-майда өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматта “Бул чечим Кыргызстандын аймагына коронавирус инфекциясынын мындан ары жайылышына жол бербөө боюнча иш-чараларды ыкчам жүргүзүү жана экономиканын башка тармактарынын туруктуу иштешин камсыз кылууга багытталды” деп айтылат.

Ошону менен катар бюджеттик мекемелерди тейлеген коммерциялык банктарга да 2, 3 жана 4-майды иш күндөрү деп жарыялоо сунушу берилди.

Кыргызстанда 1-май – Эмгек майрамы, 5-май – Конституция күнү жана 9-май – Улуу Жеңиш күнү. Мыйзам боюнча бул күндөр дем алыш деп аныкталган.

Быйыл 9-май ишемби дем алыш күнүнө туш келгендиктен ал күнкү эс алуу өкмөттүн токтому менен 4-май, дүйшөмбүгө которулган болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG