Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:35

Бээжинде музейлер, парктар ачыла баштады


Бээжиндеги Хан ордосуна карантинге чейин күнүнө 80 миңге чейин адам келчү.
Бээжиндеги Хан ордосуна карантинге чейин күнүнө 80 миңге чейин адам келчү.

Кытайдын борбору Бээжин шаарында бир канча айга созулган карантинден кийин 1-майдан тартып музейлер, парктар ачылды.

Кытай императорлорунун ордосу жайгашкан байыркы "Тыюу салынган шаарга" келгендердин саны чектелди. Карантинге чейин Хан ордосуна күнүнө 80 миң адам кире алса, азыр беш миң көрүүчүгө гана уруксат берилди.

Европа аймагындагы 44 мамлекеттен 21инде карантин чаралары жумшара баштады жана буга дагы 11 мамлекет даярданып жатат. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Европа коронавирус пандемиясынан арыла электигин эскертип келет.

АКШнын айрым шаттарында ортодогу эки метр аралыкты сактап, жоон топ адам болуп чогулбаш керек деген шарт менен парктар, пляждар ачылууда. Кошмо Штаттарынын айрым аймактарында оорунун жайылышы басаңдай элек. АКШда оорунун очогу болгон Нью-Йорк штатына Кошмо Штаттарында коронавирустан ажал тапкандардын үчтөн бир бөлүгү - 63 миң учур туура келет.

АКШда 21-марттан бери 30 миллион жаран ишсиз калды. Натыйжада жумушсуздук 18 пайызга өстү.

Вашингтондо карантинди токтотуу талабы менен жүздөгөн адам митингге чыкты. Ушундай эле нааразылык акциялар Мичиган штатында да өттү.

Жон Хопкинс университетинин эсебинде, дүйнөдө коронавирус жугузуп алгандар 3,2 миллиондон ашты. Оорудан 233 миңге чукул киши мерт болду.

XS
SM
MD
LG