Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Март, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 08:31

Лейлекте куюн үйлөрдүн чатырын талкалады


Куюндун кесепети. Лейлек району. 30.04.2020

Баткенде катуу куюндун кесепеттерин жоюу иштери жүрүп жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, 30-апрелге караган түнү Лейлек районунда ылдамдыгы секундасына 28-33 метрге жеткен шамал жүрдү.

Куюндун кесепетинен жети орто мектептин (75 даана шифер), 33 үйдүн (476 даана шифер) жана 15 чарба курулушунун (248 даана шифер) чатыры талкаланды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин райондук бөлүмү жаратылыш кырсыгы келтирген зыянды эсептеп жатат.

Адамдар жабыркаганы тууралуу маалымат жок.

Соңку күндөрү Кыргызстанда жаан жана тоолордо кар жаап, туруксуз аба ырайы болууда. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (7)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG