Бүгүн 1-майдан баштап Кыргызстанда коронавируска байланыштуу киргизилген айрым чектөөлөр алынып, ишмердүүлүктүн кээ бир түрлөрүнө уруксат берилди.
Борбор калаанын ичиндеги тосмолор алынды. Жеке автомашина менен жүрүүгө чектөө жок. Көчөдө эл көбөйгөнү байкалууда. Айрым жерлерде автомашиналардын тыгыны да пайда болгонун социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары кабарлап жатышат.
Автобус жана троллейбустар 10-майдан кийин гана чыга баштайт. Кичи автобустар боюнча чечим кабыл алына элек.
Бишкектин комендатурасы жалпысынан 120 миң киши жумушка чыкканын маалымдады. Алар курулушта, өнөр жай тармагында, техникалык тейлөөдө иштегендер, чач тарач жана дүңүнөн соода жүргүзүүчүлөр, такси айдоочулары, нотариустар.
Ошто да жогорудагы багыттар боюнча иштегендерге уруксат берилип, шаарга кирген машинелер көбөйдү.
Ошондуктан милиция көзөмөл күчөтүп, Ош шаары менен Кара-Суу району чектешкен эки көчөгө кошумча блокпост койду.
Коронавируска байланыштуу 30-апрелге чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад жана Нарын шаарларына, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондоруна, Жалал-Абад облусунун Сузак районуна жана Нарын облусунун Ат-Башы районунун аймагына өзгөчө абал киргизилген.
28-апрелде Коопсуздук кеңешинин чечими менен өзгөчө абал Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Ат-Башы районунда 10-майга чейин, ал эми калган аймактарда өзгөчө кырдаал режими калтырылды.
Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирус 756 адамга жукту, алардын сегизи кайтыш болду, 504 бейтап сакайып кетти.
756 адамдын эң көбү Бишкекте – 188. Ош облусунда 166, Жалал-Абад облусунда 114, Ош шаарында 111, Нарын облусунда 96, Чүй облусунда 61, Баткен облусунда 10 жана Ысык-Көл облусунда 10 бейтап. (RK)