Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:16

Таласта соцмедиага пост жазган активист милицияга сурак берди


Талас шаары
Талас шаары

Кытай жараны Айеркен Саймаитинин өлүмү тууралуу сүрөттөрдү бөлүшкөн жана саясат жөнүндө тамаша пост жазган активист милицияга чакыртылды. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна “Фейсбукта” Али Шабдан деп катталган активист өзү билдирди.

Аны үйүнөн алып кетип, милиция бөлүмүнө жеткирген кызматкерлер Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен (УКМК) “материал келгенин” айтышкан:

“Кагаздар менен таанышып, окуп чыгууга мүмкүнчүлүк беришкен жок. Ички иштер башкармалыгына алып барып, суроо беришти, баракчаңызга чыгарганды бизге түшүндүрүңүз дегендей. Мен “бул менин жарандык укугум, жазганга укуктуумун. Ал жерде эч кандай диний же башка кастыкты козуткан чакырык жок” дедим. Алар “Ооба, түшүнөбүз” дегени менен андай болбойт, бирде болбосо бирде кармаласың дегендей нота калтырышты”.

Али Шабдан аны күч органдарынын кызматкерлери үйүнөн алып кетерде аларды телефонуна тартып алган видеону “Фейсбуктагы” баракчасына жарыялады.

“Азаттыктын” бул тууралуу УКМКдан комментарий алуу аракетинен майнап чыккан жок.

Ал эми Талас облустук милициясы 1-майда видеосу интернетке чыккан кызматкерлери мыйзам чегинде иш алып барган деп эсептейт. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта ал кызматкерлер видеону жарыялаган адам менен түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнү айтылат:

“Ыкчам кызматкерлер мыйзам чегинде Облустук ички иштер башкармалыгынын жазуу түрүндөгү тапшырмасынын негизинде иш жүргүзүштү, мыйзам бузушкан жок. 1992-жылы туулган Ш.Ч. атуу жаранды милицияга жеткирүү мыйзамга негизделген. Аны менен алдын ала түшүндүрүү иши жүргүзүлгөндөн кийин кое берилди”.

Али Шабдан аттуу активист өзү тууралуу “Азаттык” радиосунун кабарчысына “Чакан ишканам бар. Өзүм Бишкекте турам. Азыр Таластамын. Соңку бир жылдан бери активист катары ишмердүүлук жүргүзүп, «#REакция» митингине, Феминналеге катышкам” деп айтып берди.

Кыргызстандын бажысындагы коррупциялык схема боюнча журналисттерге маалымат жана жүздөгөн документти берген Айеркен Саймаити 2019-жылы 10-ноябрда Стамбулдун чок ортосунда атып өлтүрүлгөнү кабарланган. (RK)

XS
SM
MD
LG