Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:35

2-май: Кыргызстанда коронавирустан эки бейтап каза болду


Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун кызматкери коронавирусту аныктоо үчүн үйлөрдү кыдырып жүргөн учуру. Апрель, 2020-жыл.
Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун кызматкери коронавирусту аныктоо үчүн үйлөрдү кыдырып жүргөн учуру. Апрель, 2020-жыл.

Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб COVID-19дан каза тапкандардын бири дарыгер экенин 2-майда кабарлады.

58 жаштагы Жүзүм Асанова Бишкектеги №3 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун дарыгерлер тобунун жетекчиси болгон.

Каза болгон экинчи бейтап Жалал-Абад облусунун 69 жаштагы тургуну болгон. Штабдын маалыматына караганда бул эки бейтап тең 2-майда Республикалык инфекциялык ооруканасында коронавирус илдетинен көз жумган.

Экөөндө теӊ эки тараптуу пневмония, оорунун оор өтүшү, дем алуу жетишсиздиги катталган. Алар мындан тышкары жүрөк жетишсиздиги, кант диабети, полиоргандык жетишсиздик өнөкөт илдеттеринен жабыркап келишкен.

Ушуну менен Кыргызстанда коронавирустан 10 адам каза тапты. Ал эми медициналык кызматкерлердин ичинен коронавирус жугузган алгачкы бейтап каза болду. Кыргызстанда коронавирус жалпысынан 200 медицина кызматкерине жуккан. Алардын 114ү сакайганы мурда кабарланган. Кыргызстанда коронавиус жугузгандардын жалпы саны - 769. (ZKo)

XS
SM
MD
LG