АКШнын Демократиялык партиясынан президенттикке талапкер Жо Байден мурдагы жардамчысына сексуалдык ыдык көрсөткөнү тууралуу айыптоолорду четке какты.
Байден MSNBC жаңылыктар каналына 1-майда маек куруп, 27 жыл мурда орун алган деп шек кылынып айтылып жаткан окуя "эч качан болгон эмес" деп так кесе айтты.
«Жок, бул калп. Мен ачык айтам, мындай иш болгон эмес", - деди 77 жаштагы Байден.
1992--1993-жылдары Байдендин АКШнын сенатору кызматын аркалап жаткандагы кеңсесинде жардамчы болуп иштеген Тара Рид 29 жашында Байденден сексуалдык ыдык көргөнүн айтып чыккан. Риддин сөзүн анын мурдагы коңшусу бекемдеп, 1990-жылдардын башында ага Рид бул жагымсыз окуя тууралуу айтып берген деп билдирген.
Байден дооматтарды четке кагып, Сенаттын катчылыгына ачык кат менен кайрылды. Ал Сенаттан бул окуяга байланыштуу кандай илинчек болбосун, таап, ачык жарыялоону өтүндү.