Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:55

Бишкекте ишканаларды текшерүү үчүн мобилдик бригадалар түзүлдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте ишканаларды текшерүү үчүн мобилдик бригадалар түзүлдү. Ага ылайык, борбор калаадагы ар бир райондо төрттөн мобилдик бригада иштейт. Райондук администрациянын, салык кызматынын, милициянын кайгуул кызматынын жана райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлеринен турган топ Бишкектеги 1-майдан тарта ишин жанданткан ишканаларды текшерет. Мобилдик бригада ишканалардын өзгөчө абал шартында ишмердүүлүк жүргүзүү үчүн коюлган талаптарды аткарып жатканына көзөмөл кылышмакчы.

Мындан тышкары дагы 20 мобилдик топ такси кызматтарынын ишмердүүлүгүн текшерет. Курамында шаардык, райондук администрациянын өкүлдөрү, ички иштер бөлүмдөрүнүн кызматкерлери камтылган топтор жүргүнчүлөрдү ташууга уруксат берилген такси кызматтарынын ишине көзөмөл кылат. Өзгөчө абал шартында таксисттер сөзсүз түрдө ишмердүүлүккө уруксат берүүчү патентке ээ болууга тийиш жана салонго экиден ашык жүргүнчү салбашы керек.

Текшерүүчү мобилдик бригадаларды түзүү тууралуу буйрукка Бишкектин коменданты Алмаз Орозалиев 1-майда кол койгон.

Кыргыз өкмөтү экономиканы жандандыруу максатында 1-майдан тартып, үч баскыч менен ишке кирүүчү ишканалардын тизмесин жарыялаган. Биринчи баскычта ишке кирүүчү тармактарга өндүрүш, өнөр жайы, курулуш, соода тармагы, такси кызматы кирет. (ZKo)

XS
SM
MD
LG