Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:46

3-май: Коронавирус дагы 26 адамдан табылды, жетөө дарыгер (видео)


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

3-майга карата Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде 26 адамдан коронавирус жаңы аныкталды. Алардын жетөө - медицина кызматкери. Булардын бешөө Бишкекте, экөө Чүй облусунда катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова 3-майда брифингде кабарлады.

Жаңы катталган 26 бейтаптын 14ү Бишкек шаарында, экөө Ош облусунда, бирөө Баткен облусунда, тогуз адам Чүй облусунда катталды.

Бир сутка ичинде 37 бейтап айыгып чыкты.

Жалпысынан 3-майга карата Кыргызстанда бул илдет 795 адамга жукту, алардын ичинен 10 бейтап кайтыш болду, 564 бейтап сакайып кетти.

795 адамдын ичиндеги 207си медицина кызматкеринин 139у айыкты.

Коронавируска байланыштуу 30-апрелге чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад жана Нарын шаарларына, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондоруна, Жалал-Абад облусунун Сузак районуна жана Нарын облусунун Ат-Башы районунун аймагына өзгөчө абал киргизилген.

28-апрелде Коопсуздук кеңешинин чечими менен өзгөчө абал Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Ат-Башы районунда 10-майга чейин узартылды, ал эми калган аймактарда өзгөчө кырдаал режими калтырылды. (ZKo)

XS
SM
MD
LG