Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:57

Нурматов: Коронавирус май айынын аягында токтойт деп күтүлүүдө (видео)


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанда коронавирустун күч алган учуру 20-24-апрелде болот деген божомолун билдирген. Карантиндин өз учурунда киргизилүүсү, элдин изоляцияда калып, жеке гигиенаны сактоо тартиби, медицина кызматкерлеринин күжүрмөн эмгегинин натыйжасында оору бул убактан эртерээк басаңдады. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу, профилактикалык медицина борборунун вирусологу Зуридин Нурматов 3-майда брифингде билдирди. Анын айтымында, бул аракеттердин негизинде коронавирус жуктурган адамдар да мурда болжолдонгондон кыйла аз катталды:

"Коронавирус катталган күндөн берки бешинчи жумада оору көрсөткүчтөрү төмөндөй баштады. Акыркы беш күндө 87 адам катталды. Бул мурунку беш күнгө салыштырмалуу 9 адамга аз. Биздин божомол боюнча май айынын аягына барып, оору күн сайын катталбай калат. Ошону менен майдын акырында оору токтойт деген божомолубуз бар".

Нурматов аймактарда оорунун жаңы учурлары азайганын белгиледи.

3-майга карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган жаңы 26 учур катталды. Алардын ичинен 14ү Бишкекте, тогузу Чүй облусунда, экөө Ош облусунда, бирөө Баткен облусунда катталды. Ошентип илдетке чалдыккандардын жалпы саны өлкөдө 795 адамга жетти. Он киши оорудан көз жумду. 564 адам илдетти жеңип, айыкты.

Коронавирус аныкталган 495 адамдын 207си медицина кызматкерлери. Алардын 139у сакайып чыкты. Бир доктур көз жумду.(ZKo)

XS
SM
MD
LG