Түштүк Кореянын армиясы Түндүк Корея менен чек арадагы чыңалган тилкеде ок атышуу болгонун билдирди.
3-майда жергиликтүү убакыт боюнча эртең мененки 7:41де Түндүк Корея Түштүк Кореянын көзөмөл бекети тарапка бир нече ок чыгарганы Сеулдагы Бириккен штабдын билдирүүсүндө айтылат.
Билдирүүгө караганда, Түштүк Корея эскертүү берилгенден кийин эки ирет ок чыгарган. Түндүк Корея бутага алган көзөмөл бекети катуу бекитилген чек аранын ичинде жана атышууда Түштүк Корея тараптан эч ким жабыркаган жок.
Ишембиде Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын 20 күндөн кийин элге чыкканы кабарланды. Түндүк Кореянын борбордук маалымат агенттиги 2-майда Ким Чен Ын Пхеньянда заводдун ачылышына катышып, тасма кескенин жазды.
Агенттиктин маалыматына караганда, Ким Чен Ын заводдун ачылышына башка аткаминерлердин жана карындашы Ким Ё Чжондун коштоосунда келген. Бирок маалымат агенттиги өлкө лидери акыркы жумаларда элге чыкпаганын себебин жазган эмес.
2-майда АКШнын президенти Дональд Трамп түндүк кореялык лидердин элге чыкканын көргөндө сүйүнгөнүн айтты.