Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:13

180 кыргызстандык Бириккен Араб Эмираттарынан келди


"Манас" аэропорту. 3-май, 2020-жыл.
"Манас" аэропорту. 3-май, 2020-жыл.

Бириккен Араб Эмираттарынын бийлиги менен сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында 3-майда 180 кыргызстандык Дубай-Бишкек каттамындагы чартердик учак менен мекенине келишти.

Коопсуздук чаралары үчүн жүргүнчүлөрдүн баары аба майданынын имаратына киргизилбестен, учуу тилкесинен тейленип, обсервацияга жөнөтүлдү.

26-апрелде Дубайдан 178 кыргызстандык учуп келген.

Тышкы иштер министрлиги Дубай-Бишкек каттамындагы кийинки чартердик учак 10-майда уюштуруларын маалымдады.

Коронавируска байланыштуу чек аралар жабылгандыктан мекенине кайта албай калган кыргызстандыктардын жагдайы 15-апрелде парламенттин жалпы жыйынында талкууланган негизги маселелердин бири болгон.

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков сырттан келе албай жаткан мигранттарды мекенине кайтаруу маселесин биринчи орунга коюп, тиешелүү тармактарга тапшырма берген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG