Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-ноябрь, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 01:22

Премьер-министр Лейлектеги селдин кесепеттерин чукул арада жоюуну тапшырды


Селдин кесепеттерин жоюу учуру. Лейлек району. 3-май, 2020-жыл.

3-майда өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Баткен облусунун Исфана шаарындагы селдин кесепеттерин жоюуга байланыштуу маселени талкуулаган жыйын өткөрдү. Жыйында өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров нөшөрлөгөн жамгырдан улам сел жүрүп, анын кесепетинен административдик мекемелерди жана турак жайларды суу каптаганын маалымдады. Министрдин маалыматына караганда, аймакты электр энергиясы менен камсыздоо калыбына келтирилди. Учурда селдин кесепеттерин жоюу жана келтирилген материалдык чыгымдын көлөмүн аныктоо иштери жүрүп жатат.

Өкмөт башчы Лейлек районунан тышкары башка кооптуу аймактарда алдын алуу иштерин кечиктирбей жүргүзүүнү тапшырды.

«Кыска мөөнөттүн ичинде селдин кесепеттерин жоюу жана алдын алуу боюнча комплекстүү иш-чараларды ишке ашыруу зарыл. Биринчи кезекте тобокелдиги бар жерлердеги адамдардын коопсуздугун камсыздоо керек», - деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Лейлектеги селдин кесепети
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:47 0:00

Өкмөт башчы жергиликтүү бийлик ээлерине турак жайды камсыздандыруу зарылчылыгы жөнүндө калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнүн маанисин эскертип, бул табигый кырсыктан жабыркаган үйлөрдү калыбына келтирүүдө көмөк болорун белгиледи. Бул тууралуу өкмөттүк аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, 2-май күнү саат 18:30дар чамасында мөндүр аралаш катуу жааган жамгырдын кесепетинен Лейлек районунда Тогуз-Булак, Мин-Жыгач айылдарында, Кара-Дөбө айылынын Катар участогунда жана Исфана шааарынын сел өтүүчү сайларда сел жүргөн. Аталган аймактарда үйлөрдүн короолорун сел каптаган. (ZKo)

Пикирлерди көрүңүз (7)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG