Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:45

Израилдин Жогорку соту премьер-министр Нетаньяхунун ишин карайт


Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху аялы Сара менен шайлоо өнөктүгүндө, 3-март, 2002
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху аялы Сара менен шайлоо өнөктүгүндө, 3-март, 2002

3-майда Израилдин Жогорку соту эки күндүк угуу баштап, анда коррупцияга айыпталган премьер-министр Биньямин Нетаньяхуга жаңы өкмөттү түзүүгө укук берилеби же жокпу аныктайт. Сот Нетаньяхуну колдобогон чечим чыгарса, анда 2019-жылдын апрелинен берки төртүнчү шайлоого жол ачылмакчы.

20-апрелде Нетаньяху жана анын атаандашы Бенни Ганц коалициялык өкмөттү куруу үчүн мунасага келишти. Ага ылайык, эки саясатчы өкмөттү кезектешип жетектейт.

10 жылдан ашуун бийликте турган, учурда убактылуу өкмөттү жетектеген Нетаньяху жаңы министрлер кабинетин 18 ай башкарат. Андан кийин бул милдетти армиянын мурдагы жетекчиси Ганц аркалайт.

Бирок бир катар топтор, анын ичинде опопзициялык партиялар, өлкөдөгү демократияга көз салгандар Израилдин Жогорку сотуна кайрылышкан. Алар жогорудагы макулдашууну жокко чыгарып, Нетаньяхуга кылмыш иши козголгонун эске алып, ага жаңы өкмөт куруу укугун бербөөгө үндөгөн.

Израилдин Жогору соту өз чечимин 7-майда жарыялай турганы маалым болду.

XS
SM
MD
LG