Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жана президенттин аппарат жетекчисинин биринчи орун басары Алмаз Кененбаев мурдагы “Манас” транзиттик жүк ташуу борборунун аймагында даярдалган обсервациялык жайдын абалы менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.
Бороновдун айтымында, бул борбордогу алты корпус оңдолуп, 670 кишилик обсервациялык жай даярдалды.
“Палаталар санитардык-эпидемиологиялык ченемдерге жооп берет. Бул имараттарды обсервация катары пайдаланууга болот, ошондой эле аларга оорусу жеңил өтүп жаткан же тиешелүү медициналык көзөмөл үчүн илдеттин белгилери билинбеген бейтаптарды жайгаштырса болот”, - деди Кубатбек Боронов.
Эки адамга эсептелген ар бир палатада душ жана ысык тамак берүү үчүн атайын терезелер бар. Медициналык кызматкерлер үчүн атайын имараттар каралган. Бирок Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жана Саламаттык сактоо министрлигине пункттарды тийиштүү жабдуу менен толук камсыз кылуу тапшырылды. (TSh)