Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:23

Чодуев дыйкандарды бош жер калтырбай иштетүүгө чакырды


Чүй өрөөнү.
Чүй өрөөнү.

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев 3-майдагы онлайн брифингде Бирикккен Улуттар Уюмунун (БУУ) коронавирус пандемиясына байланыштуу дүйнөдөгү азык-түлүк коопсуздугу боюнча божомолун белгилеп, кыргыз дыйкандарын бош жер калтырбай иштетүүгө чакырды.

“Дүйнө жүзүндө ачарчылык болушу мүмкүн деген кооптонуу бар. Ошондуктан бизди бир да сотых жерди кур калтырбай өзүбүзгө керектүү болгон буудай жана башка өсүмдүктөрдү эгүүгө чакырып кетем”, - деди Чодуев.

Ал сугат иштеринде тамчылатып сугаруу сыяктуу жаңы ыкмаларды колдонууну сунуш кылды. Министрдин айтымында, 2020-жылы жазгы талаа иштери 1 млн. 219 миң гектар жерде жүрүп жатат. Маалыматка ылайык, 2019-жылга салыштырмалуу быйыл буудайдын айдоо аянты 6 миң гектарга көп болду.

21-апрелде БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен анын өнөктөштөрү коронавируска байланыштуу соңку жагдайдан улам баяндама жарыялашты. Анда быйыл ачарчылыкка кабылгандар эки эсе көбөйүп, 265 миллионго жетери айтылат. Уюмдун эсебинде бул былтыркыдан 135 миллион кишиге арбын. (TSh)

XS
SM
MD
LG