Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:02

Ооган бийлиги дарыяга чөгүп кеткен мигранттардын өлүмүн иликтейт


Ооган-Иран чек арасындагы дарыядан табылган оогандыктардын сөөктөрү. 2-май, 2020
Ооган-Иран чек арасындагы дарыядан табылган оогандыктардын сөөктөрү. 2-май, 2020

3-майда ооган бийлиги Герат провинциясынын батышындагы дарыядан ирандык чек арачылар сууга күч менен айдап киргенде чөгүп кеткен оогандыктардын сөөгүн таап чыгара баштады.

2-майдагы ооган тышкы иштер мекемесинин билдирүүсүндө окуя боюнча иликтөө башталганы айтылган. Канча ооган мигрант каргашага кабылганы башында белгисиз болуп, мындай окуяны аймактагы Ирандын консулдугу четке каккан.

Ооган прездентинин администрация өкүлү билдиргендей, баштапкы маалыматка караганда Гераттан Ирандын аймагына өтүүгө аракеттенген 70тей ооган жаранын ирандык чек арачылар сабап, Харируд дарыясына күч менен айдап киришкен.

Гераттын аймактык дарыгерлери беш оогандын сөөгү келгенин, алардын айрымдары сууга чөгүп өлгөнүн бышыкташты.

Ооган бийлиги белгилегендей, буга чейин да оогандар Ирандын коопсуздук күчтөрүнөн жапа чеккен учурлар болгон. Эки өлкөнүн чек арасы 920 чакырымга созулат.

Соңку окуядан кийин Иран менен Ооганстандын ортосунда дипломатиялык чыр тутангандай. Коронавирус пандемиясы башталгандан бери Ирандан ооган мигранттары өз мекенине жапырт кайтып келе башташкан. Алардын көбү ооруну жуктуруп алганы аныкталган.

XS
SM
MD
LG