Беларустун президенти Александр Лукашенко Минскиде өтө турган Улуу жеңиштин 75 жылдыгына арналган аскердик парадды башка күнгө которуу мүмкүн эмес экенин айтты. Лукашенко билдиргендей, коронавирус пандемиясына карабай 9-майда “миңдеген киши майрамдын өтүшүн каалайт”.
Лукашенко “көпкө ойлонгонун”, бирок согуштун ардагерлери “аларды иш-чарага алып келүүнү талап кылып жатканын” белгиледи. Президент "ардагерлер бийлик короноавирустан чочулап, парад уюштурбай койду деген ойдо калбасын" деп кошумчалады.
Буга чейин 7 миңдей беларус жараны 9-майда эл чогулса, коронавирустун жайылып кетүү коркучучу чоң экенин эскерткен петицияга кол коюшкан.
Коргоо министрлиги "мындай эпидемиологиялык абал иш-чараны өткөрүү үчүн зарыл, анткени бул армиянын согуштук даярдыгынын бир бөлүгү" деп билдирген.
Беларус бийлигинин маалыматына караганда, өлкөдө 3-майга карата 16 миңге чукул кишиге коронавирус жуккан. Пандемия башталгандан бери 97 киши көз жумган. Соңку кезде күнүгө орто эсеп менен COVID-19 вирусун жуктуруп алган 800-900 бейтап катталып жатат.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму беларус бийлигин кескин чараларды көрүүгө бир нече жолу чакырган.