Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:22

Токаев: Түркстан облусунда суу каптоодон 22 миң киши эвакуацияланды


Мактаарал районундагы суу каптоо. 2-май, 2020-жыл.
Мактаарал районундагы суу каптоо. 2-май, 2020-жыл.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев «Твиттердеги» баракчасына «Өзбекстандын Сардаба суу сактагычында дамба жырылганынын кесепетинен Түркстан облусунун 10 айылын суу катуу каптады. 22 миңден ашуун тургун эвакуацияланып, жардам алууда. Өзбек бийлиги менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат» деп жазды.

2-майда Өзбекстандын Сардаба суу сактагычында дамба жырылгандан кийин чек аралаш Казакстандын Түркстан облусунун бир нече айыл-кыштагын суу каптаган. Мактаарал районунда өзгөчө кырдаал жарыяланды.

Жекшембиде Түркстан облусунун акимиаты тараткан маалыматка караганда 620 үй-жай жабыркап, 3,5 миң гектардан ашуун айдоо жери жарактан чыккан. Облуста 22 эвакуациялык пункт уюштурулду. Кырсыктын кесепети 404 миллион теңгеге бааланууда.

XS
SM
MD
LG