Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:54

Лейлектеги селдин чыгымы 70 млн. сомго чамалады


Нөшөрлүү жаандан кийинки сел зыянга учураткан үйлөрдүн бири.
Нөшөрлүү жаандан кийинки сел зыянга учураткан үйлөрдүн бири.

Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров Лейлектеги сел жүргөн аймактарга барды. Мадумаров селдин кесепетинен бузулган турак үйлөрдү, имараттарды көрдү. Бул тууралуу өкмөт кабарлады.

Маалыматка ылайык, селдин кесепетинен тартылган чыгым 69 млн. сом деп эсептелди. Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров кырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча тийиштүү органдарга тапшырма бергени маалымдалды. Бирок азырынча жабыркагандарга кандай жардам берилери айтыла элек.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, 2-май күнү саат 18:30дар чамасында мөндүр аралаш катуу жааган жамгырдын кесепетинен Лейлек районунда Тогуз-Булак, Миң-Жыгач айылдарында, Кара-Дөбө айылынын Катар участогунда жана Исфана шааарынын сайларында сел жүргөн. Ал аймактарда үйлөрдүн короолорун сел каптаган. (TSh)

XS
SM
MD
LG