Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:26

Коронавирус дагы 35 адамдан табылды, көбү Бишкекте (видео)


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус жуккан 35 адам катталды. Бул тууралуу 4-майда Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.

Алардын арасынан Бишкекте 26, Чүй облусунда эки, Нарын облусунда бир, Жалал-Абад облусунда беш, Баткен облусунда бир адам.

Акматованын айтымында, бир суткада 11 бейтап айыгып чыкты.

4-майга карата Кыргызстанда коронавирус 830 адамдан табылды, алардын ону кайтыш болду, 575 бейтап айыгып чыкты.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстанда Коопсуздук кеңешинин чечими менен Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Ат-Башы районунда 10-майга чейин өзгөчө абал, ал эми калган аймактарда өзгөчө кырдаал режими калтырылган.

Адистер өлкөдө коронавирус жуккандардын саны эң көп каттала турган мөөнөт 20-24-апрель болот деп болжолдогон. (RK)

XS
SM
MD
LG