Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:34

COVID-19: Жээнбеков кайтыш болгон дарыгердин жакындарына көңүл айтты


Жүзүмкан Көкүмбаева.
Жүзүмкан Көкүмбаева.

Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарынын № 3 Үй-бүлөлүк медицина борборунун үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси Жүзүмкан Көкүмбаева кайтыш болгонуна байланыштуу анын жакындарына көңүл айтты.

Мамлекет башчынын маалымат кызматы тараткан кабарда Жээнбеков:

«Жүзүмкан Көкүмбаева коронавирус илдетинен дүйнөдөн кайтканы жөнүндө суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Бул илдет менен күрөштө ак халатчан медиктерибиз алдыңкы сапта турушат. Илдетти жугузуп алуу коркунучуна карабай, жабыркап жатышса да, өтө бийик каармандык жана тайманбастык менен жарандарыбызды өлүмдөн, оорудан сактап калууда. Тилекке каршы, бул күрөштө ак халатчан дарыгерибизден айрылып отурабыз», деп кайрылганы айтылды.

Президент Жүзүмкан Көкүмбаева өзүнүн дарыгерлик милдетин толук аткарып, көп жылдык эмгеги менен элдин саламаттыгына кызмат кылып, жүздөгөн жаштарга насаатчы болгонун баса белгиледи.

«Дүйнөлүк апааттын биздин өлкөгө келиши менен, анын жайылышын токтотууда алдыңкы сапта жүргөнүн» билдирди.

Коронавирус жугузуп алып, Бишкектеги Жугуштуу оорулардын клиникалык ооруканасына жаткырылган 58 жаштагы Жүзүмкан Көкүмбаева 2-майда каза болгон.

4-майга карата Кыргызстанда COVID-19 вирусу 216 медицина кызматкеринен табылды, алардын 139у айыгып чыкты, бирөө каза тапты. (RK)

XS
SM
MD
LG